Автоунаа чачырап кеткен. Үч адамдын өмүрүн алган Оштогу жол кырсыктын видеосу

Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү кроссовердин айдоочусу рулду башкара албай калып, көчө боюндагы жарнама илинген түркүктү сүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы жол кырсыктан үч адам көз жумду. Бул тууралуу Ош ШИИБдин Кайгуул күзөт кызматынан билдиришти.
Кырсык 26-июлга караган түнү саат 1:30 чамасында Гапар Айтиев көчөсүндө болгон.
Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү кроссовердин айдоочусу рулду башкара албай калып, көчө боюндагы жарнама илинген түркүктү сүзгөн. Кырсыктан автоунаанын ичиндеги үч адам каза болгон.
Видеодон көрүнүп тургандай, автоунаа чачырап кеткен. Милициядан учурда кырсыктын эмнеден келип чыкканы иликтенип жатканын айтышты.
Бетме-бет кагышкан. Жол кырсыгынан ИИМдин майору көз жумду. Видео