Мектеп директорлорунун бош орундарына сынак жарыяланды. Талаптары

Өз күчүн сынап көрүүнү каалаган талапкер комиссияга сынак жарыяланган күндөн баштап 10 иш күндүн ичинде тиешелүү документтерди тапшырышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорунун бош орундарына сынак жарыялады.
Эске салсак, президенттин жарлыгы боюнча, беш жылдан ашык иштеген 966 мектеп жетекчиси кызматтан алынган. Жаңылары сынактын жыйынтыгы менен беш жылга дайындалат.
Сынакка төмөндөгү квалификациялык талаптарга жооп бергендер катыша алат:
жогорку педагогикалык билими жана 7 жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы барлар;
атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүү уюмдарына);
соттун ишке жөндөмсүз же ишке жөндөмдүүлүгү чектелген деген чечимдери жок адамдар;
соттолбогондор;
соттун күчүнө кирген чечими менен аныкталган мөөнөттүн ичинде педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүү укугу чектелбегендер.
Өз күчүн сынап көрүүнү каалаган талапкер комиссияга сынак жарыяланган күндөн баштап 10 иш күндүн ичинде тиешелүү документтерди тапшырышы керек.
Талапкерлерге коюлган талап жана керектүү документтер боюнча толук маалыматты министрликтин сайтынан окуй аласыздар.
Бейшеналиев жакшы иштеген директорлор сынактан өтпөсө кандай кызмат берерин айтты