БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Мамлекеттик жана муниципилдык органдарда кызматкерлер үчүн 2 829 орун бош турат. Бул туурасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев билдирди.
Анын айтымында, учурда мамлекеттик органдарда 1 526 вакансия бар, 1-январга карата 399 орунга азайган. Ал эми муниципалдык кызматтарда 1 303 орун бош турат. Жыл башынан бери бул кызматтан кеткендер 47ге көбөйгөн.
Жантаев мунун себебин мугалимдердин, маданият кызматкелеринин айлыгы өскөнүнө байланыштуу ошол тармактарга өтүп жаткандыктары менен түшүндүрдү.
Жалпы жонунан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда 26 565 штаттык орун бар.