Мамкурулуштун башчысы мыйзамсыз курулган үйлөрдү муктаждарга берүүнү сунуштады

Борбор калаада 37 көп кабаттуу турак жай мыйзам талаптарына каршы курулганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бишкекте мыйзамсыз курулган көп кабаттуу турак жайларды алып, 30 пайызын муктаждарга бериш керек. Мындай пикирин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев билдирди.
Анын айтымында, борбор калаада 37 көп кабаттуу турак жай мыйзам талаптарына каршы курулган.
"Мындан ары катуу көзөмөл болот. Мыйзамсыз курууга уруксат берген ар бир объект үчүн кызматкерлер персоналдык түрдө жооп берет. Менин субъективдүү пикиримде мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөрдүн 30 пайызын Бишкектеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө же Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кезекте турган мэрия кызматкерлерине бериш керек", — деди Жетибаев.
Ошондой эле ал Бишкек башкы архитектурага жана мамлекеттик экспертиза департаментине бир дагы имаратты мыйзамсыз курууга уруксат бербөө тапшырмасын бергенин айтты.
"Бирок ошол мыйзамсыз курулган үйлөрдө жөнөкөй эле жарандар жашап жатпайбы. Аны түрттүрүп салсак өзүбүздүн эле тургундар жабыркайт. Ошол эле учурда түрттүрүлө турган курулуш объектилери бар, аларды бузабыз", — деди Жетибаев.
Үй алчу үлүшчүлөр акчаны компанияга бербей, курулуш бүткөнчө депозитте сактайт. Жобо