Кыргызстанга алты айда 3,5 миллиондон ашык турист келди. Былтыр өлкөгө миллионго жакын адам келип кеткен. Бул тууралуу Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы республикадагы туризм пандемияга чейинки абалына жетет.
"Бүткүл дүйнөлүк туризм уюму (UNWTO) өзүнө мүчө-өлкөлөрдүн туристтик абалына көз салып, кырдаал боюнча анализ жасап, статистикалык көрсөткүчтөрдү чыгарып турат. Алардын койгон сунуштамаларына ылайык, өлкөгө келген туристтердин санын аныктоого болот. 2021-жылы Кыргызстанга миллионго чукул турист келсе, быйылкы 6 айдын ичинде 3,5 миллиондон ашык эс алуучу келди. Мындай жыйынтык өлкөнүн туристтик потенциалын ачып, 2023-жылда пандемияга чейинки абалына жетет деп күтүп жатабыз. Ага байлыныштуу жыл аягына чейин 5-6 миллион туристти кабыл алуу болжолдонуп жатат. Чет өлкөлүктөрдү Кыргызстандагы төрт мезгилдин баары кызыктырат", — деди Кенжематова.
Ошондой эле адис Туризм департаменти Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен тыгыз иштеше тургандыгын кошумчалады.