БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандын коммерциялык банктары валюта алмаштыруучу жайлар менен операцияларды бюролордун өздөрүнүн жүгүртүү каражаттарынын чегинде гана жүргүзө алышат. Башкача айтканда, акча алмаштыруучу жай мындан ары коммерциялык банктан өзүнүн бир күндүк жүгүртүүсүндөгү суммадан ашык ала албайт. Тиешелүү токтом ("Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө") КР Улуттук банкы тарабынан кабыл алынды.
Токтомго ылайык, коммерциялык банктарга киргизилген жаңы эрежелер:
алмашуу бюролору менен операцияларды жүргүзүүдө акча алмаштыруучу бюронун бир күндүк жүгүртүү суммасынын чегинде гана сатуу жана сатып алууларды жүргүзсүн;
ар бир дүйшөмбүдө Улуттук банкка отчет берип турсун;
ай сайын акча алмаштыруу бюросу менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча Улуттук банкка маалымат берсин.
Акча алмаштыруу бюролоруна коюлган талаптар:
коммерциялык банктар менен акча алмыштыруу жайынын ортосунда бюронун жүгүртүүсүндөгү каражаттын суммасында гана операция аткарылыш зарыл;
коммерциялык банктарга кассаны көзөмөлдөгөн машинанын (ККМ) чегин тиркеп, мурунку күндүн акырына жана/же күндүн башталышына карата жүгүртүү каражаттарынын көлөмүн тастыктаган маалыматтарды берсин;
токтом бузулган учурда финансылык мекемелерге карата мыйзам чегинде чара колдонулат. Анын ичинде лицензиясын кайтарып алуу маселеси дагы каралган.
Белгилей кетсек, дүйнөдөгү окуялардан улам Кыргызстанда долларды каалаган көлөмдө сатып алуу боюнча көйгөй жаралган. Июль айынын башында банктарда АКШ акчасы жок калды деген маалыматтар дагы тараган.