Кыргызстандын музей фонду 1 612 экспонат менен толукталды

Быйылкы жылдын алты айында 326 экспонат реставрациядан өткөрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандын музей фонду 1 612 экспонат менен толукталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, быйылкы жылдын алты айында 326 экспонат реставрациядан өткөрүлгөн.
2021-жылга салыштырмалуу калыбына келтирилген экспонаттардын саны 64,6 пайызга, музей фондун экспонат менен толуктоо 81,9 пайызга, көргөзмө долбоорлорунун саны 32,9 пайызга, жалпы көрүүчүлөрдүн саны 19,5 пайызга жана киреше 36,1 пайызга жогорулаганы айтылды.
Кыргызстанда туристтерди тарткан 2,3 млн. долларлык долбоор ишке ашырылууда