Кыргызстандын делегациясы "Сбербанктын" иши менен таанышып, Data-борборго барды

Акылбек Жапаров баштаган делегация учурда жумушчу сапары менен Россияда жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы баштаган Кыргызстандын делегациясы Москвада "Сбербанктын" иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 6

Министрлер кабинетинин төрагасы баштаган Кыргызстандын делегациясы Москвада "Сбербанктын" иши менен таанышты

2 / 6

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады

3 / 6

Белгилей кетсек, кыргыз делегациясы учурда жумушчу сапары менен Россияда жүрөт

4 / 6

"Сбербанктын" өкүлдөрү конокторго акыркы иштеп чыгууларын тартуулашканы айтылды

5 / 6

"Тараптар макроэкономикалык кырдаал боюнча пикир алмашып, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты", — деп айтылат билдирмеде

6 / 6

Кыргыз делегациясынын жумушчу сапары "Сбербанк" башкармалыгынын жетекчиси Герман Грефтин чакыруусу менен уюштурулган

Белгилей кетсек, кыргыз делегациясы учурда жумушчу сапары менен Россияда жүрөт.
"Иш сапардын жүрүшүндө Акылбек Жапаров жана делегация мүчөлөрү "Сбербанк России" ачык акционердик коомунун иши менен таанышып, каржы мекемесинин жаңы штаб-квартирасын көрүп чыгышкан. Ошондой эле Сколководогу СберУниверситетке, Хорошколага, Киберкоопсуздук борборуна жана Data-борборуна барышты", — деп жазылат маалыматта.
"Сбербанктын" өкүлдөрү конокторго акыркы иштеп чыгууларын тартуулашканы айтылды.
"Тараптар макроэкономикалык кырдаал боюнча пикир алмашып, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты", — деп айтылат билдирмеде.
Кыргыз делегациясынын жумушчу сапары "Сбербанк" башкармалыгынын жетекчиси Герман Грефтин чакыруусу менен уюштурулган.
Акылбек Жапаров Герман Грефтин чакыруусу менен Москвада жүрөт