Кумтөр: Centerra талаштарды жөнгө салуу келишиминин шарттарын бекитти

25-июлда компаниянын акционерлеринин кезексиз жыйыны болуп өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Канадалык компания Centerra Gold Inc. Кумтөр алтын кени боюнча Кыргызстан менен өз ара дооматтарды глобалдык жөнгө салуу боюнча макулдашуунун шарттарын бекитти. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Кечээ, 25-июлда, компаниянын акционерлеринин кезексиз жыйыны болуп өттү.
"Келишимдин алгоритмине ылайык, Кумтөрдү толугу менен кыргыз тараптын көзөмөлүнө өткөрүп берүүнү жол-жоболоштурууну аяктоо үчүн бир нече техникалык процедура калды", — деп айтылат маалыматта.
4-апрелде президент Садыр Жапаров Centerra Gold Inc. менен келишимге кол койгонун жарыялаган.
Документ төмөнкү пунктуларды камтыйт:
Кумтөр кени толугу менен кыргыз тараптын карамагына өтөт, мында 2021-жылдын 15-майынан тартып алынган бардык киреше өзүндө калат;
Centerra Gold Inc. 11 миллион доллар дивиденд төлөйт;
компания тарабынан кыргыз тарапка 50 миллион доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм макулдашылды;
Кыргызстан Кумтөрдү рекультивациялоо фондун (53 миллион долларга жакын) башкарууну өзүнө алды;
Centerra 2021-жылдын май айында алтынды жөнөтүү үчүн койгон 29 миллион долларлык дооматынан баш тартат жана АКШ, Швеция, Канадада кыргыз тарапка каршы козголгон бардык доо арыздарын кайтарып алат.
Экология министри Кумтөрдөн 261,7 млрд. сомдук доону талап кыларын айтты