Пицца жебейбиз, кечеге жалгыз барбайбыз... Индияда жубайлар келишим түздү. Видео

Индияда күйөө бала менен колукту үйлөнүү тоюнун алдында өзгөчө келишим түзүп, бири-бирине убадаларды беришти.
Sputnik
The Mirror басылмасынын жазышынча, Ассам штатындагы Шанти жана Минту аттуу жаш жубайлар келишимге кол койду, анда эмнелерге болот жана болбойт деген нерселер бар. Демилгени колукту көтөрүп жана түзүп чыккан. Келишимдин ичинде кечелерге жалгыз барбоо жана дүкөндөргө ар бир 15 күндө бир баруу камтылган.
Ошондой эле конокторго барганда жакшы сүрөттөргө түшүп, дүйшөмбү сайын өзгөчө тамактануу уюштуруп, күн сайын улуттук сари кийимин кийип жүрүүнү убадалашкан. Мындан сырткары, пиццадан баш тартып, ден соолукту чыңдап, залга барып турууга сөз беришкен.
Келишим ак кагазга жазылып, айланасы кооздолгон. Жаштар документке күбөлөрдүн алдында кол койгон.
Тема боюнча:
Индия: жигитинин сырын билип калган кыз тоюнда турмушка чыгуудан баш тартты