Польша Евробиримдиктин башка өлкөлөрү менен газды бөлүшүүдөн баш тартты

Министрдин айтымында, Польша үчүн кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүнүн зарылчылыгы жок.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Польша Евробиримдиктин башка мамлекеттери менен газды бөлүшүүгө макул эмес. Бул тууралуу Польшанын климат жана айлана-чөйрө министри Анна Москва маалымат жыйын учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эртең Брюсселде энергетика коопсуздугуна арналган жолушугуу өтүп, газ темасы талкууланат. Өзүңөр билгендей, биздин сактоочу жайлар азыркы учурда толгон. Буга чейин чектөөлөрдү киргизген Евробиримдиктин 11 өлкөсүнөн айырмаланып бардык муктаждыктар канааттандырылган", — деген Москва.
Анын айтымында, Польша үчүн кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Анна Москва Еврокомиссиянын таңуулаган сунушун кабыл алууга мүмкүн эмес экенин белгилеген. Министрдин пикиринде мамлекеттер мындай кадамга макул болбошу керек. Анткени келерки кыш кандай болорун эч ким билбейт.
"Еврокомиссиянын сунушу Польшада гана эмес, Евробиримдиктин башка мамлекеттеринде дагы макулдашууга туура келбейт", — деген ал.
Министр бул демилгеге каршы болгон мамлекеттердин арасында Греция, Кипр, Мальта, Португалия жана Испания бар экенин айткан.
Эске салсак, 20-июлда Европалык комиссия ЕБдин мүчө-өлкөлөрү колдонгон газдын көлөмүн 15 пайызга чейин кыскартып, өзгөчө кырдаал шартында жаңы кадам таштоону сунуштаган. Бул сунуш күчүнө кириш үчүн Евробиримдикке мүчө-мамлекеттердин басымдуу бөлүгү аны ЕБ кеңешинде жактырышы керек. Энергетика министрлери аталган сунушту шаршемби күнү Брюсселде талкуулашмакчы.
ЖМК: Брюссель европалыктарды эми газды үнөмдөөгө мажбурлап баштайт