Франциялык ЖМК: Европанын санкциялык мүмкүнчүлүктөрү түгөндү

Украинадагы абалга байланыштуу Москвага каршы санкциялардын бир нече пакети кабыл алынган. Президент Владимир Путин Россияны өнүктүрбөй токтотуу, алсыратуу бул Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин айтып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Евробиримдиктин соңку санкциялар пакети биримдиктин Россияга чектөө киргизүү мүмкүнчүлүгү түгөнгөнүн көрсөттү. Бул тууралуу Франциянын Le Monde гезитиндеги макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Евробиримдик Россияга каршы санкциялардын жетинчи пакетин кабыл алган. Бирок ал эч кандай олуттуу чараларды камтыбайт. Болгону блоктун саясатын союздаштарынын позициясына шайкеш келтирүүгө гана багытталган. Буга чейинки алты санкциялык пакеттен айырмаланып, чектөөлөрдүн акыркы тизмесинде олуттуу чектөөлөр жок", — деп жазылат гезитте.
Аталган документти ЕБ мамлекеттеринин өкүлдөрү 20-июлда кабыл алган. Анда алтын боюнча тыюулар, экспорттук көзөмөлдүн жаңы чаралары, Сбербанктын активдерин тоңдуруу сыяктуу чектөөлөр бар. Мындан тышкары, жаңы 50 жеке жана юридикалык жактар тизмеге кирген.
Украинадагы абалга байланыштуу Москвага каршы санкциялардын бир нече пакети кабыл алынган. Президент Владимир Путин Россияны өнүктүрбөй токтотуу, алсыратуу бул Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин айтып келет. Ал белгилегендей, АКШ менен Европанын негизги максаты миллиондогон адамдардын жашоо шартын начарлатуу.
Еврокомиссия Россия санкцияларынан айыл чарба азыктарын алып салууну сунуштады