Радио

Акматалиев: Борбор Азия мамлекеттеринин бирдиктүү болушу Россияга ыңгайлуу

Саясий талдоочу, профессор Алмазбек Акматалиев Борбордук Азия мамлекеттеринин консультативдик жолугушуусуна быйыл өзгөчө маани берилгенинин себебин түшүндүрдү
Sputnik
Борбордук Азия мамлекеттеринин бирдиктүү болушу Россияга ыңгайлуу. Анткени региондун бир дагы мамлекети аталган өлкөгө каршы саясат жүргүзбөйт. Мындай пикирин Алмазбек Акматалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Борбордук Азия чоң саясатта бирдиктүү актор катары каралышы керек.
"Борбордук Азия өзүнчө өзгөчөлүктөрү бар регион. Аймактагы беш мамлекет тең Советтер Союзунун курамында болгон. Бирдей транспорттук коридорлору бар, тышкы оюнчулар да бирдиктүү аймак катары карашат. Ошондуктан Борбордук Азия мамлекеттерин интеграциялоо муктаждыгы бар. Чолпон-Атадагы кезектеги жолугушууну мына ушуга карата жасалган кадам катары сыпаттагандар болууда. Буга себеп Россияга Батыш тарабынан болуп көрбөгөндөй санкциялар киргизилди. Ал эми аталган аймакта Россиянын таасири абдан күчтүү болуп келген жана дагы деле ошондой болот. Борбордук Азиядагы беш мамлекеттин бирөө дагы Россияга каршы саясатты жүргүзбөйт. Башка маселе канчалык деңгээлде интеграция болушу мүмкүн? Чынын айтканда терең интеграциялоо кыйын жана ага даярдык жок. Анткени аймактагы мамлекеттердин ортосунда тарыхый, географиялык жана башка маселелер боюнча ички көйгөйлөр бар. Бирок тышкы факторлор оорлошуп, интеграция муктаждыгын күчөшүнө түрткү болсо, анда Борбор Азия мамлекеттери тез арада биригип кетиши толук ыктымал. Анткени тышкы коркунучтарга бир-бирден туруштук бере албасын баары эле түшүнүп турат. Чоң саясатта беш мамлекет өзүнчө каралбастан, бирдиктүү актор катары каралуусу зарыл. Анткени көп жагынан бириктирип турган жагдайлар көп. Борбордук Азия мамлекеттеринин бирдиктүү болушу Россияга деле ыңгайлуу", — деди Акматалиев.
Ошондой эле ал беш өлкөдө тең күчтүү президенттик бийлик болгондуктан алардын ниетине жараша айрым маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүндүк бар экенин кошумчалады.