Бишкекте патрулдук милиция поезд жолго уктап калган кишини ажалдан алып калды

Текшерүү учурунда үй-жайы жок киши өз жанын кыйгысы келбегени, ал мас болгондуктан уктап калганы такталган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бишкекте патрулдук милиция темир жолго уктап калган кишини куткарды.
Окуя автоунаалардын видеокаттагычына түшүп калган. Кадрдан кишини көздөй поезд жакындап келе жатканын, ал эми тартип коргоочулардын чуркап жөнөгөнүн көрүүгө болот.
Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу инспекторлор поезд өтүп кеткенден кийин шлагбаумдун көтөрүлүшүн күтүп турушкан. Ошол учурда алардын бири рельсте киши жатканын көрүп калган.
"Жакындап калган поезддин үнү угулуп жатканына карабастан милиционерлер өз өмүрүн тобокелге салып кишини куткарып калышты", — деди Байказы уулу.
Текшерүү учурунда үй-жайы жок киши өз жанын кыйгысы келбегени, ал мас болгондуктан уктап калганы такталган.
Автоунаа чачырап кеткен. Үч адамдын өмүрүн алган Оштогу жол кырсыктын видеосу