БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Балдар аянтчасындагы чырга аралашкан Жанар Абдыламбет уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуя боюнча өзүнүн версиясын айтып берди.
Буга чейин интернетте Бишкектеги балдардын оюн-зоок борборлорунун биринде болгон окуянын видеосу тараган. Кадрдан көрүнүп тургандай, бир нече бала мушташа кетет. Бирок алардын жанына келген чоң киши (болжолдуу алардын биринин атасы) жаңжалды токтотпой, тескерисинче, жекеме-жеке мушташууга мажбурлаган. Анан ал балдарга арачы болгон кызга дагы атырылган.
Эркектин айтымында, балдар аянтчасынын кызматкери баласын колго чапканына ачууланып, жооп катары анын колунан кармап, эмне үчүн мындай кылганын сураган.
"Жооп катары ал адепсиз сөздөрдү айтып, "сен кимсиң?!" деп кекетти. Жиним келип, "жаагыңды сындырам" деп айтып, экөөбүз урушуп кеттик. Администрацияга барып, абалды такташайын десем, ал кызды чакырып бербей коюшту. Кийин менден кечирим сурап, "байке, биздин кемчилик кетти" деп айтышты. Мен кетип калгам", — деди Абдыламбет уулу.
Ал түшүндүргөндөй, ага милициядан эч ким келген эмес.
Көп өтпөй интернетте бул окуя боюнча экинчи видео пайда болду. Кадрлардан Абдыламбет уулу дагы бир кызматкер менен жакалаша кеткенин көрүүгө болот.
Активист Эртай Искаков окуя 14-июлда болгонун билдирди. Анын айтымында, арыз жазылганына дээрлик эки жума өткөнүнө карабай "милиция кыймылдабай жатат".
Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы Sky Park балдардын оюн-зоок борборунун жетекчилигинен жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан комментарий алуу үчүн кайрылды. Бирок алар жооп бере элек.