Бишкекте мушташкан балдарды ажыраткан кызга киши кол салды. Видео

Милиция окуя боюнча тактоо иштерин аткарып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Интернет айдыңына шаардагы балдардын оюн-зоок борборлорунун биринде болгон окуянын видеосу тарады.
Кадрдан көрүнүп тургандай, мушташа кеткен балдардын жанына эркек киши басып келип (балдардын биринин атасы болушу мүмкүн), бирок аларды ажыраткан эмес. Тескерисинче, жекеме-жеке чыгып мушташууга мажбурлаган. Ал эми чырды токтотууга аракет кылган кызды түртүп, орой мамиле жасаган.
Интернет-колдонуучулар Жанар деген киши ал кызды "өлтүрөм" деп коркутканын жана анын денеси көгөрүп калганын жазышууда.
Милиция окуя боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатат.
Маалымат борбор
Имидж жоголууда. Туризм департаменти Көлдөгү мушташ боюнча позициясын билдирди