Балыкчы — Кочкор темир жолу курулуп жаткан жерден байыркы коргондор табылды. Сүрөт

Табылган коргондор Маданият министрлиги тарабынан археологиялык эстелик жана тарыхый-маданий мурас объектилери катары аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Балыкчы — Кочкор темир жолу курулуп жаткан участоктон, тактап айтканда, Боз-Бармак тоо кыркаларынан байыркы коргондор табылды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Балыкчы — Кочкор темир жолу курулуп жаткан участоктон, тактап айтканда, Боз-Бармак тоо кыркаларынан байыркы коргондор табылды
Билдирмеге караганда, табылган коргондор Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан археологиялык эстелик жана тарыхый-маданий мурас объектилери катары аныкталган.
"Бул объектилерди сактоо жоопкерчилигин "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы өзүнө алды. Ишкана археологдор менен дөбөлөрдүн абалын аныктап, аларды казуу жана кайра көмүүнү каржылоо чечимин кабыл алмакчы", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тиешелүү адистер менен келишим түзүлүп, алар байыркы коргондорду казып башташканын кабарлашты.
Балыкчы — Кочкор темир жолунун 1 чакырымы курулуп бүттү. Жеринен сүрөттөр