Акылбек Жапаров Герман Грефтин чакыруусу менен Москвада жүрөт

Кыргыз делегациясын Россиянын борборуна "Сбербанктын" жетекчиси Герман Греф чакырганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров иш сапар менен Москва шаарында жүрөт. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Ал "Сбербанк России" акционердик коомунун иштери менен таанышып, киберкоопсуздук боюнча борборго барат, андан сырткары, Сколководогу data-борбордо болот", — деп айтылган маалыматта.

Мындан сырткары, Жапаровдун эки тараптуу жолугушууларды өткөрө турганы маалымдалды.
Кыргыз делегациясынын жумушчу сапары "Сбербанктын" башкармалыгынын жетекчиси Герман Грефтин чакыруусу менен болгонун айтышты.
Финансы министри Россиядан 500 млн. доллар кредит алууну сүйлөшүп жатканын айтты