Мурда мындай болгон эмес. Быйыл 200 мектеп, бала бакча курулуп, оңдоодон өтөт

Бул жылы каралган курулуштар былтыркыга салыштырмалуу 128 объектиге көп.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда 205 билим берүү объектиси курулуп, оңдоодон өтөт. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө авариялык абалда турган 245, ошондой эле капиталдык оңдоого муктаж 498 мектеп бар.
"Быйыл биринчи жолу социалдык объектилердин титулдук тизмесине 205 билим берүү мекемесинин курулушу кирди. Анын ичине 160 мектеп, 35 бала бакча, 10 спорт зал кирет. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 128 объектиге көп", — деди Бейшеналиев.
Мындан сырткары, министр Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында республиканын 1 200 мектеби жыл аягына чейин 25 миң компьютер менен камсыздаларын кошумчалады.
Бишкекте 10 бала бакча салуу пландалууда. Алгачкылары 2023-жылы башталат