Президенттин жарлыгынан кийин 2000 мамлекеттик кызматкер жумуштан кетти

Аткаминер кыскартуу иштери дагы да улантылып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кыскартуунун алкагында 2000 адам жумуштан кетти. Бул туурасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев билдирди.
Ал кыскартуу иштери дагы да улантылып жатканын белгиледи.
"Биздин эле мекемеден кыскартууга илинип 31 адам жумуштан бошотулду", — деди Жантаев.
Жалпы жонунан учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда 26 565 штаттык орун бар. Буга чейин 28 миңден ашуун кызматкер иштечү.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын июнь айында президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө" жарлык чыгарган. Анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин санын 30 пайызга кыскартуу каралган.
Өкмөт башчы кеңсе кагаздарын кыскартып, электрондук документке өтүүнү тапшырды