БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Педагогикалык кесипти тандаган алдыңкы студенттерге ай сайын стипендия берилет. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
Мындай кадам ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү мугалимдик кесипке шыктандыруу максатында жасалууда. Ага ылайык, отличниктерге 1-курста 1000 сомдон, 2-курста 2000 сомдон, 3-курста 3000 сомдон жана 4-курста 4000 сомдон төлөп берүү каралууда. Аткаминер мындай идеяны министрлер кабинети бир добуштан колдогонун белгиледи.
Мындан сырткары, Бейшеналиев мугалимдерди аттестациялоонун тартиби жөнүндө жаңы жобо иштелип чыкканын, ал адам факторун жок кылган автоматташтырылган процесс болорун белгиледи.