БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Маданият, маалымат, туризм жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов туристтик жолдорду оңдоо иштери кандай жүрүп жатканы тууралуу маалымат берди.
Белгилей кетсек, былтыр күздө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жазында бардык туристтик аймактардын жолдору оңдолорун убадалаган.
"Учурда Ысык-Көлдө пансионаттар жайгашкан ички жолдор, Чүй боорунда дагы бир-эки жердеги жол жасалууда. Биз негизи Чуңкурчакка жана башка лыжа базаларына, түштүк регионундагы табигый объектилерге каттай турган жолдорду көрсөткөнбүз. Көбүнесе капиталдык болбосо да үстүртөн иштер жасалып жатат. Эң чоң объектилердин бирөөсү катары Арстанбап эс алуу жайына барчу жол планга киргизилген", — деди Жаманкулов.
Ал эми капиталдык оңдоодон өткөрүлө турган жолдор боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымат берерин айтты.