Бийлик товар жарнамалаган маданият өкүлдөрүнө кесепетин түшүндүрүп жатат

Министр турак жай кооперативдерине байланышкан окуялар сабак болгонун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Маданият, маалымат, туризм жана жаштар саясаты министрлиги ар кандай товарларды жарнамалаган маданият өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу министр Азамат Жаманкулов билдирди.
"Баары (маданият өкүлдөрү — ред.) менен эки күндүн биринде эле иш-чараларда жолугуп жатабыз. Коомду туура эмес жакка түртпөйлү, артыңарда көптөгөн окурмандар, жаштар турат. Көбүндө алган маалыматты анализдегенге мүмкүнчүлүгү жок деп айтып жатабыз. Алдабагыла, өзүңөр жооп берген, ишенген, билген продукцияларды гана жарнамалагыла деп чакырып жатабыз. Биз түшүндүрдүк, эми андан аркысы өздөрүнүн эркинде", — деди Жаманкулов.
Ошондой эле ал турак жай кооперативдерине байланышкан окуялар сабак болду деген пикирин ортого салды.
Эл турак жай кооперативдеринен акчасын кантип өндүрүп алат? ИИМдин жообу