Токаев Меккеге кичи ажылыкка барып, Каабанын ичине кирди. Сүрөт

Токаев Сауд Арабияга ханзаада Салман Бен Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен барган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Меккеге кичи ажылыкка барып, Каабанын ичине кирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан президенттин маалымат кызматына таянып кабарлады.
"Өлкө башчы Каабанын ичине кирди. Адатта анын эшиги өтө сыйлуу конокторго гана айрым учурда ачылат. Бул Сауд Арабиянын жетекчилигинин терең сый-урматынан кабар берет", — деп жазган президенттин маалымат кызматы.
Токаев Сауд Арабияга ханзаада Салман Бен Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен барган. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташуу боюнча 13 документке кол коюшкан. Маалым болгондой, Токаев Сауд Арабия ханзаадасын эки өлкө ортосундагы достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн "Алтын Кыран" ордени менен сыйлаган.
Достук — байлык! Казак ЖМКларында Токаев Ысык-Көлдө жүргөн видео көрсөтүлдү