Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жерди титиретип... "Смерч" реактивдүү тутумунун атайын операциядагы видеосу

Алар координаттарды пилотсуз учуучу техникалардан алып, снаряддар менен укриналык улутчулдардын талаа кампаларына сокку урган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги атайын операция учурунда иштеп жаткан "Смерч" залптык октун реактивдүү тутумунун видеосун жарыялады.
РИА Новости аны өзүнүн Telegram каналына жарыялады.
"Смерч" залптык октун реактивдүү тутумунун согуштук машиналары белгиленген позициядан туруп берилген аскердик тапшырмаларды аткарды. Алар координаттарды пилотсуз учуучу техникалардан алып, 300 мм реактивдүү снаряддар менен украиналык улутчулдардын талаа кампаларына сокку урду", – деп айтылган маалыматта.
"Смерч" – кубаттуу залптык октун реактивдүү тутумдардын бири. Комплекс калибри 300 мм болгон реактивдүү снаряддарды 90 чакырымга чейин ата алат. Ал каршылаштын сооттолгон жана сооттолбогон техникаларын, байланыш тармактарын, тактикалык ракеталардын батареяларын, командалык жайларды жок кылууга багытталган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Болотту да эриткен "Солнцепёк" куралынын видеосу