Радио

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу калктын санынын төмөндөө тенденциясы байкалууда

Статистика боюнча улуттук комитеттин өкүлү Назира Дөөткулова эмгекке жарамдуу курактагы калктын саны боюнча төмөндөө тенденциясы байкалып жатканын айтты.
Sputnik
Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында 150 миң баланын төрөлгөнү катталды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 5 пайызга аз деп белгиленди. Бул тууралуу Назира Дөөткулова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан КМШда калкынын саны көбөйүп жаткан өлкөлөрдүн катарында турат.
"2022-жылдын башына карата республиканын туруктуу калкынын саны 6 миллион 747 миң адам болду. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 110 миң кишиге көп. 2021-жылы калктын өсүү темпи 1,7 пайызды түздү. Кыргызстан КМШда калкынын саны көбөйүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында 150 миң баланын төрөлгөнү катталып, бул былтыркыга салыштырмалуу беш пайызга аз болду. Мындан тышкары, эмгекке жарамдуу курактагы калктын санынын бир азга төмөндөө тенденциясы байкалып жатат. Акыркы 10 жылда 16-19 жаштагылардын саны 35 миңге азайды. Белгилүү болгондой, демография экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, миграция, гендердик теңчилик жана башка көптөгөн тармактар менен байланыштуу",— деди Дөөткулова.
Ошондой эле адис быйыл эл жана турак жай фондун каттоо өтүп, учурда эсептөөлөр, тактоолор жүрүп, толук жыйынтыгы жылдын аягында чыгарын кошумчалады.