Окуучулар бирдиктүү формага кайтат. Билим берүү министрлиги вариантын сунуштады

Пандемиядан улам бирдей форма кийип жүрүү тартиби алып салынган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мектеп окуучулары кайрадан бирдиктүү формага өтө турганын билдирди.
Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясынан улам мектептерде бирдей форма кийип жүрүү тартиби алып салынган болчу.
"Биз акырындык менен бирдиктүү формага кайтышыбыз керек. Билим берүү министрлиги классикалык форманы сунуштайт. Үстүңкү кийими ак, асты кара болсун деп жатабыз", — деди Жусупбекова.
Мындан сырткары, ал мектептерде окуучуларга берилген китептердин ижара акысы өзгөрүлбөй турганын белгиледи.
Алты жашка чейинки балдар кандай учурда акысыз дарыланат? Министрдин жообу