Кыргызгидромет келерки жумада Нарында аба ырайы кандай болорун айтты

29-июлда айрым жерлерде өткүн өтүшү ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Тоолуу Нарын облусунда апта ичи күн ысык болуп, абанын температурасы 35 градуска чейин жогорулайт.
29-июлга чейин бул аймакта жаан-чачын күтүлбөйт. 29-июлда күндүз айрым жерлерде өткүн өтүшү ыктымал. Ишемби, 30-июлда, жаан-чачын күтүлбөйт. Апта аягы ысык кайтып, абанын температурасы күндүз 25...27 градус болору айтылды.
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши мүмкүн.
Аптаптуу ысык качан кайтат? 30-июлга чейинки аба ырайы