Нарында жер титиреди

Жер 25-июль күнү саат 05:54тө силкинген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Нарында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Сейсмология институтунун билдирмесине караганда, жер саат 05:54тө силкинген.
"Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында жер титирөө 3 балл, Өрнөк, Конорчок айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.
Жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Радио
Өмүралиев: өлкөдө жылына 11 миң жер титирөө катталат