Саатына 240 чакырым! Милиция ээнбаш айдоочуга айып салды. Видео

Блогер мындан ары видеодогудай жорук жасабасын айтып жана андай нерселер кооптуу болгондуктан башкалардын кайталабашын өтүнүп, жалпы коомчулуктан кечирим сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкек шаарында буту менен автоунаа башкарган блогерге 8 500 сом айып салынып, автокөлүгү айып короого киргизилди. Бул туурасында Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын мындай жоругу, тагыраагы, буту менен рулду башкарып, саатына 240 чакырым (!) ылдымдыкта кетип бара жаткан видеосу социалдык тармактарга тараган.
"Автоунаа жүрүп бара жатканда рулун буту башкарып бараткан айдоочуга милициянын кайгуул кызматкерлери ээнбаштыгы жана коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн эки протокол толтурду. Анын негизинде 8 500 сом айып салынып, автокөлүгү айып короого киргизилди", — деп айтылган маалыматта.
Блогер мындан ары видеодогудай жорук жасабасын айтып жана андай нерселер кооптуу болгондуктан башкалардын кайталабашын өтүнүп, жалпы коомчулуктан кечирим сураган.
Ниязбеков: дагы жакшы Кайгуул унааларын коюп кетти, имаратты сүзсө жаман болмок