Министр айлык көтөрүлдү деп медиктерден көптү талап кылбоого чакырды

1-апрелде медицина кызматкерлеринин маянасы орточо эсеп менен 50 пайызга көбөйгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков элди айлык көтөрүлдү деп медиктерден көптү талап кылбоого чакырды.
Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тартып саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин маяналары орточо эсеп менен 50 пайызга көбөйгөн.
"Урматтуу журналисттер, ушуну бетке кармап, медиктер көп маяна алды эми заматта сапаттуу тейлегиле деген туура эмес. Ошол эле заматта айлык менен кошо жашоо да кымбаттап жатат, инфляция дагы бар. Мисалы, маяна көбөйгөндөн кийин 17-22 миң сом болсун дейли, бирок бул да аздык кылат. Келечекте айлыкты дагы жогорулатып, башка стимулдаштыруу жагын карашыбыз керек", — деди Касымбеков.
Ошондой эле аткаминер жыл башынан бери эмгек акы төлөөгө 8 миллиард 56 миллион сом сарпталганын кошумчалады.
Кыргызстанда 10 миң адамды 21 дарыгер карайт. Медиктер тууралуу статистика