Бишкек, 25-июл. — Sputnik. Батыш өлкөлөрү Эгин экспорту жөнүндө Стамбул макулдашуусунун маңызын бурмалады. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
Анын айтымында, Россиянын товар чыгаруу жана Украинанын данын экспорттосу боюнча чектөөлөрдү алып салуу тууралуу документтерде РФтин атайын операцияны токтотушу керектиги айтылган эмес.
"Биздин батыштык кесиптештерибиз ар кандай маалыматтарды бурмалап, Россияга каршы колдонуп жатканы таң калтырбай деле калды”, — деди Лавров.
Дипломат белгилегендей, Одесса портунан дан эгиндерин экспорттого эч кандай тоскоолдук жок.
“Жогорку тактыктагы соккулар Одесса портунун өзүнчө бөлүгүндөгү аскер портуна урулган. Ал жерге жакында эле "Гарпун" ракеталарын алып келишкен. Бирок ал куралы азыркы тапта бизди эч бир чочулатпайт”, — деди министр.
22-июлда Россия, Түркия жана БУУнун өкүлдөрү РФтин азык-түлүгүн экспорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салуу жана Украинанын дан эгиндерин чыгарууга Россиянын жардам көрсөтүүсү боюнча документтерге Стамбул шаарында кол коюшту.
Салтанатка Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу катышкан.
БУУ дандын жетишсиздигинен улам азык-түлүк кризиси келе жатканын бир эмес бир нече ирет айткан. Батыш Россияны дүйнөлүк рынокко украин данын чыгарууда тоскоолдук кылып жатат деп айыптап келет. Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин Украинадан эгин экспорттоодо эч кандай маселе жок экенин жана Москва буга кийлигишпей турганын билдирген.