Кыргызстанда аптаптуу ысык дагы бир нече күнгө созулат

Ысыкта күндүз күн тийген жерде көпкө жүрбөө, айыл чарба өсүмдүктөрүн бат-баттан сугаруу сунушталган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет өлкөдө аптаптуу ысык дагы бир нече күнгө созуларын эскертти.
Билдирмеге караганда, абанын температурасы 26-июлдан 28-июлга чейин жогору болот.
Чүй облусунда +36...+41 градуска чейин;
Талас өрөөнүндө +34...+39 градуска чейин;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +37...+42 градуска чейин;
Ысык-Көлдө +29...+34 градуска чейин;
Нарын аймагында +31...+36 градуска чейин жетет.
Мындай ысыкта күндүз күн тийген жерде көпкө жүрбөө, айыл чарба өсүмдүктөрүн бат-баттан сугаруу сунушталган.
Аптаптуу ысык качан кайтат? 30-июлга чейинки аба ырайы