Бир суткада Кыргызстанда 128 адамдан коронавирус аныкталды

Илдет илештиргендердин ичинен 116сы амбулатордук шартта дарыланып жатса, калганы медиктердин көзөмөлүндө.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл.— Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө коронавирустун 128 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Билдирмеге караганда, бейтаптардын ичинен 95и оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышса, калгандарынан башка мамлекеттерге учар алдында ПЦР-тест тапшырганда аныкталган.
"Илдет илештиргендердин ичинен 116сы амбулатордук шартта дарыланып жатса, калганы медиктердин көзөмөлүндө. Коронавирус аныкталгандардын 80 пайызы Бишкекте, 11 пайызы Чүйдө катталган", — деп айтылат маалыматта.
Штаб көпчүлүк жүргөн жерде бет кап тагынып, вакцина алууга чакырды.
Бишкек коронавирус боюнча сары зонага өттү