Борбор Азиядагы үч мамлекеттин президенттери кабыл алган келишим жарыяланды

Документке 21-июль күнү Чолпон-Атада кол коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан суверендүүлүккө жана аймактык бүтүндүккө коркунуч жаралса бири-бирине колдоо көрсөтүү милдетин мойнуна алды. Бул тууралуу үч өлкөнүн президенттери 21-июлда Чолпон-Атада кол койгон "Достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндөгү" документте айтылат.
Sputnik Казакстан Telegram каналы өлкө бийлиги келишимдин текстин жарыялаганын билдирди.
Документке ылайык, республикалар бири-бирине каршы күч колдонуудан жана үч өлкөнүн бирине каршы турган аскердик бирикмелерге кошулуудан карманууну макулдашты. Жакынкы аралыкта бул макулдашууга Түркмөнстан менен Тажикстан кошулары күтүлүүдө.
Мамлекет башчылары келишимге кол койгондон кийин өлкө парламенттери аны ратификациядан өткөрүшү керек.
Чолпон-Ата сапары. Борбор Азия президенттеринин жолугушуусунун видеосу