Кетсе мурда кетет эле го. Министр Исманкуловдун клиникасы иштеп жатканын айтты

Министрликти убактылуу жетектеп жаткан аткаминер соттун чечими жок клиниканы жаба албастыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиев жабууга аракет кылган Алмазбек Исманкуловдун көз хирургиясы боюнча клиникасы ишин улантып жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков билдирди.
"Чынын айтайын, мен Исманкуловду көрө да, ал жакка (клиникасына — ред.) бара да элекмин. Мөөнөтү бүтүп кетмек болчу, бирок сотко бериптир, иш жүрүп атат. Ал эми жеке позициямды айтсам мамлекеттик түзүмдүн инфраструктурасын өзүнүн кызыкчылыгына менчиктеп алышына каршымын. Соттун чечими жок мен барып жаба албайм. Кетсе мурун эле кетет эле го, дарбазасын ширетип да жатты, таштанды дагы төгүп жатты. Кубалап да, тилдеп да атты, мушташканга чейин барды. Бирок кеткен жок. Эми соттун чечимин күтөлү", — деди Касымбеков.
Белгилей кетсек, Алмазбек Исманкуловдун Көз микрохирургиясы клиникасы узак жылдар бою оорукананын имаратын ижарага алып келген, бирок Бишкек мэриясы келишимди үзгөн. Март айында ошол кездеги саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев имаратты бошотууну талап кылган, бирок клиниканын жетекчилиги ага баш ийген эмес. Мындан улам имараттын эшиги бекитилип, мөөр басылып, эки тараптын ортосунда катуу тиреш жүргөн.
Убактылуу министр: Бейшеналиев жапкан медициналык окуу жайлар кайра иштеп баштады