Түндө күчөйт. Медиктер ичеги рагынын негизги белгисин аташты

Оору өрчүп жаткан учурда рак дал ушул органды талкалайт. Бул этапта боордун да жабыркай турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Түндө басылбай күч алган жөтөл жоон ичеги рагынын белгиси болушу ыктымал. Бул тууралуу британиялык Daily Express басылмасына таянып РИА Новости жазды.
Cancer Research UK уюмунун эксперттеринин маалыматына ылайык, жөтөл онкология өпкөгө тарап жатканынан кабар бериши мүмкүн. Оору өрчүп жаткан учурда рак дал ушул органды талкалайт. Бул этапта боордун да жабыркай турганы айтылды.
Жоон ичеги рагында бейтап демигип, дем алуу органдарына суу толуп, какырыгынан кан чыга баштайт.
"Ичеги рагында адам бат чарчап, алсыз болуп, тамакка табити тартпай калат. Дарт өрчүп турган учурда ичтин оң жак тарабы ооруп, бейтап тез эле арыктап кетет. Ошондой эле ичи көөп, саргарып, териси кычышат", — деп айтылат маалыматта.
Cancer Research UK уюмунун эксперттери туура эмес тамактануу онкологиянын өрчүү тобокелчилигин жогорулата турганын айтып, кайра иштетилген этти азыраак жеп, клетчатканы көбүрөөк колдонууну сунушташкан.
Кандай кишилер күн нурунан улам ракка кабылышы мүмкүн. Адистин эскертүүсү