Ич катуу, геморрой, гигиена... Проктолог орчундуу суроолорго жооп берди. Видео

Жоон ичегинин же көтөн чучуктун олуттуу илдеттери тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнүн башчысы Ызакжан Бектенов айтып берди.
Sputnik
Ал жоон ичегинин илдеттери көбүнчө ич катканда пайда болорун айтты. Ошондой эле геморройдун келип чыгуу себебин жана анын кесепеттерин түшүндүрдү. Мындан сырткары, сыз жерге отурганда көчүктүн тегереги сезгенип, ириң оорусу пайда болорун эскертти.
Дарыгер бейтаптарды туура тамактанып, жеке гигиенаны сактоого чакырды. Ал ажатканага барганда кагазды пайдалангандан көрө суу менен даарат алууга чакырды.