Өзгөчө образ, ай чырайлуу сулуулар. Дүйнөлүк көчмөндөр модасынан 16 сүрөт

Узаган жуманын аягында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында "Дүйнөлүк көчмөндөр модасы" аталышындагы фестиваль өттү.
Sputnik
Ага 20га чукул мамлекеттин атактуу дизайнерлери, кол өнөрчүлөрү, мода индустриясындагы адистер катышып, моделдер түрдүү образдарды көрсөтүштү.
Дизайнер Назира Бегимдин айтымында, бул Кыргызстанда улуттук мода индустриясын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлордун бири болуп саналат.
Долбоор кыргыздын улуттук кийимдерин, салтын, кол өнөрчүлүгүн жандандыруу, дизайн тармагындагы жаңы ысымдарды чыгаруу жана көчмөндөр цивилизациясынын маданиятын жайылтуу максатында иштелип чыккан.
Иш-чара Маданият министрлигинин колдоосу менен Kyrgyzstan Fashion Industry коомдук бирикмеси жана жергиликтүү мода журналы тарабынан уюштурулган.
1 / 16

Чолпон-Атада өткөн "Дүйнөлүк көчмөндөр модасы" фестивалы

2 / 16

Иш-чарага мода чөйрөсүндөгү алдыңкы дизайнер, адистер чогулган

3 / 16

Фестивалга 20га чукулмамлекеттен конок келди

4 / 16

Мода көргөзмөсүндө кийимдин түрү көрсөтүлдү

5 / 16

Кыргыздын белдемчисин жарналамаган сулуулар

6 / 16

Иш-чара кыргыздын улуттук кийимдерин, салтын, кол өнөрчүлүгүн жандандыруу үчүн уюштурулган

7 / 16

Эл аралык фестивалга катышкандардын биринин эмгеги

8 / 16

Көл жээгинде көйкөлгөн сулуулар

9 / 16

Дизайнерлер өспүрүмдөр үчүн дагы өзгөчө кийимдерди тигишкен

10 / 16

Этностилге кызыккандар үчүн дагы бир образ

11 / 16

Иш-чара концерт менен коштолду

12 / 16

Заманбап стиль менен этностиль айкалышкан образ

13 / 16

Фестивалда түрдүү образ, түрдүү кийимдер көрсөтүлдү

14 / 16

Уюштуруучулардын айтымында, төрт жыл аралыгында долбоор 50дөй мамлекет менен кызматташып, мода индустриясында ийгиликке жеткен

15 / 16

Ысык-Көл жана көркөм образ

16 / 16

Бул - көчмөн цивилизациясынын маданиятын өнүктүргөн жападан жалгыз долбоор

Тема боюнча:
Подиум, саркеч кийим жана сулуулар... Бишкектеги мода жумалыгынан сүрөттөр