Бейшеналиев жакшы иштеген директорлор сынактан өтпөсө кандай кызмат берерин айтты

Реформанын алкагында беш жылдан ашык иштеген 966 мектеп директору кызматтан бошотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Мурда өзүн жакшы көрсөтө алган мектеп директорлору конкурстан өтпөй калса башка кызматтарды сунуштайбыз. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
"Буга чейин абдан жакшы иштеп, бирок конкурска катышпай же өтпөй калган мектеп директорлорун эске алабыз. Райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө, Кыргыз билим берүү академиясына, Республикалык квалификацияны жогорулатуу институтуна, министрликтеги бош орундарга чакырабыз. Эгер сунушту кабыл алса иштейт. Мен ушул мектепти 28 жыл башкарып эмгегим сиңген, дагы 28 жыл иштешим керек деген туура эмес", — деди Бейшеналиев.
Белгилей кетсек, өлкөдө беш жылдан ашык иштеген 966 мектеп директору кызматтан бошотулган. Алардын ордуна жаңы директор конкурстук негизде тандалып алынат.
Таласта мектеп директорлугуна төрт талапкер сынак тапшырып, үчөө өтпөй калды