Бишкек коронавирус боюнча сары зонага өттү

Кырдаал курчуп кетсе бет кап тагынуу, кеңседен иштегендерди жарым-жартылай онлайнга которуу сыяктуу чектөө кириши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкек шаары коронавирус боюнча жашылдан сары зонага өттү. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.
"Борбор калаада калк жыш жайгашкандыктан, миграциялык агым күч болгондуктан сары зонага өттүк. Кыргызстандын башка аймактары жашыл зонада турат. Соңку бир күндө 128 адамдан коронавирус аныкталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу анча көп эмес. Өтө катуу кооптонууга негиз жок", — деди Касымбеков.
Ошондой эле ал саламаттыкты сактоо системасы кырдаалдын өнүгүшү боюнча бардык варианттарга даяр экенин белгиледи.
Эгер муктаждык жаралса жарым-жартылай чектөө кирип, бет кап тагынуу, кеңседе иштеген адамдар 10дон ашса калганын онлайнга которуу мүмкүндүгүн айтты.
Мындан мурдараак Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор, пульмонолог Талант Сооронбаев учурда коронавирус кадимки тумоо сыяктуу эле улам кайталануучу респиратордук вирустук оорулардын катарына кирип калды деген пикирин билдирген.
Иммунолог: COVID-19 пандемиясы анын "кентавр" түрү менен бүтүшү мүмкүн