БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Доллардын курсу бир аз көтөрүлдү. Ал орто эсеп менен өткөн жуманын иш күндөрүнө караганда 14 тыйынга кымбат сатылууда.
Евро 25 тыйынга кымбаттады.
Дем алыш күндөрү "Роснефть" май куюучу жайларында дизель майынын баасы 1 сомго жогорулады. Башка жайларда баанын өзгөрүүсү байкалган жок.
100 граммдык алтын куймаларынын баасы 8 миң 384 сомго кымбаттаганын кошпогондо, башка өлчөмдөгүлөрү ошол эле бойдон калды.