Алты жашка чейинки балдар кандай учурда акысыз дарыланат? Министрдин жообу

Аткаминерге кичинекей балдарды акысыз дарылоо мыйзамынын аткарылышы тууралуу суроо берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Алты жашка чейинки балдар өзү катталган бейтапканага барса акысыз дарыланат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйында билдирди.
Аткаминерге кичинекей балдарды акысыз дарылоо мыйзамынын аткарылышы тууралуу суроо берилген.
"Өзүңөр катталган бейтапканага барсаңар акысыз тейлейт. Башка экинчи-үчүнчү категорияда (шаардык, облустук, республикалык ооруканаларда — ред.) мындай шарттар жок. Бул үчүн бейтапканадан багыттама алып анан баруу керек. Ошондо гана акысыз дарылашат", — деди министрдин милдетин аткаруучу.
Ал ошондой эле элди чоң ооруканаларга барып узун кезек жаратпай, бейтапканаларга кайрылууга чакырды.
Убактылуу министр: Бейшеналиев жапкан медициналык окуу жайлар кайра иштеп баштады