Радио

Жанузаков: Индияга фасоль жана бал экспорттоо пландалууда

Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу башкармалыгынын башчысы Данияр Жанузаков мөмө-жемиштер үчүнчү өлкөлөргө да экспорттолуп жатканын белгиледи.
Sputnik
Кыргызстандын фасолун Индияга экспорттоо пландалууда. Бул тууралуу Данияр Жанузаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Индия тарап кызыгуусун айтып тийиштүү документтер даярдалууда.
"Кыргызстан сүт, картошка, мөмө-жемиштерди экспортко чыгарат. Жакында эле Индиядан кат келди. Ага ылайык, аталган өлкө Кыргызстандан фасоль жана бал алууга кызыкдар. Ошонун негизинде тийиштүү талаптарын алып, жер-жерлердеги фермерлерге жөнөттүк. Алар документтерди толтуруп беришсе фасоль менен балды Индияга экспорттой баштайбыз", — деди Жанузаков.
Ошондой эле ал мөмө-жемиштер ЕАЭБден тышкары үчүнчү өлкөлөргө да экспорттолуп жатканын кошумчалады.