26-июлга карата аба ырайы

28-июлга чейин өлкө аймагында кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Мындан улам күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө, айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Шейшембиде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка ылайык, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +36...+41, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +37...+42, Талас жергесинде +34...+39, Ысык-Көлдө +29...+34 жана Нарында +31...+36 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +38...+40, Ошто +39...+41 жана Чолпон-Ата шаарында +29...+31 градуска жетет.
Кыргызстанда аптаптуу ысык дагы бир нече күнгө созулат