Радио

Бейшеналиев: эми ЖОЖдорго тапшыруу жылына эки ирет жүргүзүлөт

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев быйылкы жылдан тарта ЖОЖдорго кабыл алуу жылына эки ирет жүргүзүлөрүн айтты.
Sputnik
"Алтын тамга" алган бүтүрүүчүлөрдү Жогорку окуу жайларга тоскоолдуксуз кабыл алууну пландап жатабыз. Бул тууралуу Алмаз Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЖОЖдорго экинчи ирет кабыл алуу үчүн ноябрь айында экинчи ЖРТ өтөт.
"11 жыл бою мыкты окуп, артыкчылык аттестаты менен аяктагандар ЖРТнын жыйынтыгында "Алтын сертификат" алгандай эле ЖОЖдорго тоскоолдуксуз түз өткөрүүнү пландап жатабыз. Ошону менен катар эле быйылтан тарта ЖОЖдорго жана колледждерге жылына эки ирет кабыл алуу болот. Буга бардык окуу жайлар даяр жана онлайн-кабыл алуу сыяктуу механизмдер иштелип чыгып, өкмөттүн атайын токтому чыкты",— деди Бейшеналиев.
Министр учурда Кыргызстандын ЖОЖдорунда 232 миң студент болсо, анын 82 миңи чет элдик студенттер экенин кошумчалады.