Президент Жапаров Мирзиёевди 65 жашка чыгышы менен куттуктады

Президенттер жакында Чолпон-Атада болуп өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгын да талкуулаган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет жетекчилери эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле жакында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгын талкуулаган.
"Учурдан пайдаланып Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана өзбек элинин бакубаттулугу үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады", — деп жазылган маалыматта.
Өзбекстандын президенти куттуктоо менен жылуу каалоо үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле достук, шериктештик жана союздаштык принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелерин чыңдоого жана эки тарапка пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүнү улантууга даярдыгын билдирди.
Мирзиёев 1957-жылы 24-июлда Өзбекстандын Жизак облусунда туулган.
Мирзиёевдин администрациясы анын Ысык-Көлдөгү видеосун жарыялады