Тынар Шаршенбеков Польшадагы эл аралык турнирде алтын медаль утту. Видео

Кыргызстандын байге капчыгына бул турнирде үч — бир алтын, эки күмүш медаль түштү.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков Польшада күрөш боюнча эл аралык Poland Open-2022 турниринде алтын медаль утту.
Спортчу 63 кг салмактагы балбан, ирандык Сам Далири Хоссейн менен кармашып, ага 3:1 эсебинде жеңилүү ызасын тарттырды.
Кыргызстандык дагы эки балбан, Айпери Медет кызы менен Жоламан Шаршенбеков Кыргызстанга күмүш медаль алып келишти. Айпери бул кармашта эстониялык атаандашы Эпп Мяёго алдырып койду. Ал эми Жоломан жаракатынан улам япониялык атаандашы Кеничиро Фумита менен кармаша алган жок.
Ошентип Кыргызстандын байге капчыгына бул турнирде үч медаль түштү.
Мындан ары ката кетирбейм! UWW Айпери Медет кызы менен маек курду. Видео