Координациялык кеңешке 10го чукул тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет. Бул тууралуу Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү туризмдин потенциалын жакшыртуу үчүн алгач коопсуздукка көңүл буруп, координациялык кеңештин ишин майнаптуу кылууда эл аралык тажрыйбаны колдонуу керек.
"Туризмди уюштуруу абдан татаал процесс. Анткени маселе комплекстүү каралып, бардык шарттар түзүлүшү керек. Анын негизи коопсуздук экени белгилүү. Ал эми Кыргызстанда коопсуздук маселеси жолго коюла элек. Буга байланыштуу туризмдеги коопсуздукту караган координациялык кеңеш түзүүнү пландап жатабыз. Учурда тиешелүү ведомстволор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Алсак, ИИМ, ӨКМ, Саламаттык сактоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги, Чек ара кызматы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрүн камтыган топ түзүү зарыл. Бул болжол менен күз айларында ишке ашат",— деди Кенжематова.
Ошондой эле адис туризм тармагын пандемияга чейинки абалга жеткирүү боюнча иштер аткарылып жаткандыгын кошумчалады.