БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Чоң Чүй каналына чөккөн 14 жаштагы бала изделип жатканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, өспүрүмдүн каналга түшүп кеткени боюнча маалымат ӨКМге 21-июль күнү түшкөн. Ошол убакыттан тарта аны издөө иштери башталган.
24-июлда Токмок шаардык өрткө каршы кызматтын эки бөлүгүнүн сегиз куткаруучусу өспүрүмдү издөөгө тартылган. ӨКМ кошумча маалымат берилерин белгиледи.